​КСДП активисти Мирбек Айтикеев кармалды

  • 5 лет мурун

КСДП активисти, журналист Мирбек Айтикеев кармалды.

Бул тууралуу «Апрель» телеканалы фейсбук баракчасында билдирди.

Айтикеев камакта 10-октябрга чейин болот.

Буга чейин КСДП төрага орун басары Кундуз Жолдубаева суралып, анын чөнтөк телефонун тергөөчү алып койгон.

7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.Улуттук коопсуздук мамлекетинин мурдагы төраагыс Абдил Сегизбаев 13-августта сурак берет.

Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча шектүү катары 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камакка алынды.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Сүрөт: Айтикеевдин фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты