​Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камалды

  • 5 лет мурун

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакта болот.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Бул тууралуу КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ниязов Бишкектеги СИЗО-1 де болот.

Фарид Ниязовду ИИМ башкы тергөө башкармалыгы 7-августта Кой-Ташта атайын отряд жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча айыпка шектүү деп тапты.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Ташта кармалып, Улуттук Коопсуздук комитетине жеткирилген.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот. Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты