Алмазбек Атамбаевди кармай элек

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди атайын аскерлер кармап кетишти деген маалымат ырасталган жок. (-Жаңыртылды. )

Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина «Апрель» телеканалынын түз эфиринен билдирди.

Буга чейин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барган атайын аскерлер желим ок менен анда чогулгандарды ата баштаганын кабарлашкан.

Андан бир канча киши жаракат алган. Анын ичинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Мээрбек Мискенбаев жана Нурбек Касымбеков бар. Бардыгы 10 киши жарадар болгону айтылууда.

КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева да фейсбук баракчасына Кой-Ташта атайын отряд барганын билдирген.

Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция уюштурулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты