​ИИМ: Атамбаевдин тарапташтары убактылуу кармоочу жайга киргизилди

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 10-августта, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “Форум” ишканасы, “Апрель” телеканалынын мүлкү камакка алынганы жана КСДП өкүлдөрү Алга Кылычов, Жамгырчиев кармалганын комментарийледи.

Алардын айтымында, ИИМдин Тергөө кызматы УКМКнын кызматкерлерин барымтага алуу жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы массалык башаламандыкты уюштуруу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

ИИМдин тергөө кызматы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Кечээ, 9-августта, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мыйзамга ылайык, мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Атамбаевдин тарапташтары суралды.

Андан сырткары “Медиа форум” акционердик коомунун жана «Апрель тв» телевидениесинин мүлкү камакка алынды.

Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө массалык баш аламандыктарды уюштургандыктары жана барымтага алуу фактыларынын негизинде КСДПнын штабынын өкүлдөрү Алга Кылычов менен А. Жамгырчиев Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

9-августта КСДП өкүлдөрүн суракка күчтөп алып кетип жатканын, «Форум» имараты жана «Апрель» телеканалы жабылганын КСДП өкүлдөру жана телеканал директору Дмитрий Ложников маалымдаган.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция жүрдү. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиден ашкан. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Ташта кармалып, Улуттук Коопсуздук комитетине жеткирилген.

Атамбаев 26-августка чейин УКМК абагында камакта болот. Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты