​«Апрель» телеканалы жабылды

  • 5 лет мурун

«Апрель» телеканалынын жабылышы боюнча телеканалдын директору Дмитрий Ложников фейсбук баракчасына жазууга үлгүрдү.

-«Медиа» форум имаратына кечээ, 9-августта, саат 20:00 дө Улуттук коопсуздук комитетинин 15 тей атайын кызматтагы адамдары келишти. Бардык кызматкерлер имараттан чыгарылды.

Имарат Алмазбек Атамбаевге таандык. «Апрель» телеканалы дагы. Эшикте азыр камуфляж, беткап кийип жана куралданган атайын кызмат адамдары жүрөт. Алар имаратка эч кимди киргизбей жатышат. Мен кирип кете алдым. Азыр «Апрелди» жаап жатышат» деп жазды Дмитрий Ложников.

Биздин бардык көрүүчүлөрүбүзгө жана каналга жазылгандарга эскерте кетели: «Апрель» командасы бул «Апрель командасы. Биз ар дайым чындык үчүн деп келгенбиз жана чындык тарапта боло беребиз, — деди Ложников.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Тергөө ишинин жүрүшүнө байланыштуу Атамбаев 26-августка чейин камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты