​Абдил Сегизбаев эртең cурак берет

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 13-августта Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды.

Бул тууралуу анын жакындары ЖМКга кабарлашты. Алардын айтымында, Сегизбаев учурда Бишкек шаарында.

Айрым маалымат каражаттары Сегизбаев 11-августта ИИМде сурак бергенин жазышты. Бирок милиция бул маалымат туура эмес экенин билдирди.

Сегизбаев 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын «Альфа» ыкчам бөлүгү кармаганы барган учурдагы кагылышта жаракат алып, ооруканага жеткирилген эле.

7-8-августтагы Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрүАлга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.

Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.

Ал эми Алмазбек Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча шектүү катары 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камакка алынды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты