Карамушкина: “Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта эле. Ал — коргонууда”
- 5 лет мурун
КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “Апрель” телеканалынын фейсбук баракчасындагы түз эфиринен чыгып, Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта эле экенин, ал кармалбаганын билдирди.
“Алмазбек Атамбаев — Кой-Ташта эле. Ал — коргонууда” деп айтты Ирина Карамушкина.
Буга чейин айрым тарапташтары Алмазбек Атамбаевди атайын аскерлер кармап кетишкенин билдирген.
Бүгүн, 7-августта, Кой-Таштагы үйүндө Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүрдү.
Ирина Карамушкина Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Кой-Таштагы ээнбаштыкты, адамдарды атып жарадар кылууну токтотууну талап кылаарын билдирди.
Атайын операция учурунда мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө ондогон кишилер жарадар болгонун, анын ичинде УКМК мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Мээрбек Мискенбаев, Нурбек Касымбеков жана 24 kg агенттигинин журналисти Аида Жумашева бар.