Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 2-мартта, камактагы Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкекте, Ала Тоо аянтында митингге чыгышты. Алар Садыр Жапаровго боштондук берилишин талап кылышууда.

Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасынын фейсбук баракчасынан түз эфирде көрүңүздөр.

Садыр Жапаров буга чейин тарапташтарын митингге чыкпоого чакырган.

Ички иштер министрлиги бүлүк түшүрүүгө аракет жасагандарга мыйзам негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган деп жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылган.

Ырысбү Кылычбек кызы

Сүрөттөр: Ырысбү Кылычбек кызы/»ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты