Садыр Жапаров тарапташтарын митингге чыкпоого чакырды

Бүгүн, 2-мартта, митингге чыгууга даярданып жаткан тарапташтарына Садыр Жапаров кечээ кайрылуу жолдоду.

Аны адвокаты Шарабидин Токтосунов «фейсбук» баракчасында жарыялады.

«Мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эл республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрлүү талаптар менен митингке чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат. Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, анда мен тарапташтарыма кайрылуу жасаймын. Эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр Кыргызстаныбызга ызы-чуунун кереги жок. Мага жеткен маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Мен үчүн бир адамдын мурдунан кан чыкканын каалабаймын. Ошондуктан, чыкпай эле коюңуздар деп тарапташтарымдан суранып кетет элем.

Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында иштер жүрүп жатат» деди камактагы Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган деп жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылган.

Мурдагы губернатор Эмилбек Каптагаев Жапаровго дооматы жок экенин билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты