​Каптагаев Садыр Жапаровдун иши боюнча баш прокурорго кайрылды

  • 5 лет мурун

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча Баш прокурорго ачык кат жазды.

Каптагаев фейсбуктагы баракчасына жарыяланган кайрылуусунда өзүн барымтага алуу боюнча Садыр Жапаровдун катышын тастыктаган күбө болбогонун жана дооматы жок экенин билдирди.

Ал Садыр Жапаров Кенжебек Жумабаев аттуу кишинин көрсөтмөсүнүн негизинде абакка кесилгенин, Жумабаев жалган көрсөтмө бергени боюнча видео кайрылуу жасаганын белгилеген.

Мурдагы губернатор ошондой эле Жумабаев бул иш боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга соттолгонуна карабай эркиндикке жүргөнүнө көңүл бурган.

«Буга байланыштуу Садыр Жапаровго козголгон кылмыш ишин кайрадан карап, Кенжебек Жумабаевдин ролу боюнча кошумча тергөө жүргүзүүнү суранам.

Эгер ал чынында эле калп айтса, Садыр Жапаров акталышы керек. Ал эркиндикке чыгышы керек. Ал эми Кенжебек Жумабаевдин кадамдарына укуктук баа берилиши керек. Ал кишини барымтага алганы боюнча 8 жылдык мөөнөтүн өтөбөгөнүнө дагы бул иш боюнча кошумча жазага тартылышы керек» деген оюн билдирди Каптагаев.

Ошондой эле ал бул ишти тергеген тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин кароого чакырган.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган деп жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылган.

Садыр Жапаров өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептээрин айтып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты