Садыр Жапаров менен камалган экөө эркиндикке чыкты

Садыр Жапаров менен камалган экөө эркиндикке чыктыЭкс-депутат Садыр Жапаров менен бирге камалган Эрклан Тагаев жана Манап Бегишев эркиндикке чыкты. Бул тууралуу жактоочу Шарабидин Токтосунов кабарлады.

Алар өздөрүнө берилген жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөп бүткөнүнө байланыштуу убактысынан эрте абактан чыгышты. Булар төрт жылга кесилген. Тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелген. Алар жалпысынан эки жыл бир ай отурушту, -деди жактоочу.

С. Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган  жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган. Бишкектин Биринчи Май райсоту Жапаровду 2017-жылдын  2-августунда  Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

Чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептээрин айтып келет.

Анда кармалган 12 кишинин ичинен ону абактан чыккан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты