​Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартты

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 30-апрелде, Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартты.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку сотто Садыр Жапаровдун жактоочусу Замирбек Базарбековдун жаңы жагдайларга, жаңы кылмыш кодекси кабыл алынганына байланыштуу кылмыш ишин кайра кароо тууралуу арызы жана Жаза аткаруу кызматынын көрсөтмөсү каралды.

Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылды.

Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан 2017-жылдын 2-августунда Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси боюнча Жапаровго 11 жыл 6 ай жаза мөөнөтү каралган.

Бул өкүм Бишкек шаардык соту тарабынан 2017- жылдын 15-сентябрында каралып, райондук соттун өкүмү ошол боюнча калтырылган.

2018-жылдын 13-июнунда Жогорку сот да биринчи, экинчи инстанциядагы соттордун өкүмүн ошол боюнча калтырган.

Бүгүн болсо жаңы жагдайларга байланыштуу, Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү Жогорку сот тарабынан бир жарым жылга кыскартылды.

Сүрөт:Интернет булактарынан.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты