​ИИМ: Митингде тартип бузгандарга катуу чара көрүлөт

  • 4 года мурун

Бүлүк түшүрүүгө аракет жасагандарга мыйзам негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги эскертти.

«Ички иштер министрлиги абалды курчутууга жол бербейт. Биз тараптан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкты.
Учурда кылмыштуулуктун алдын алууга, коомдук тартип камсыз кылууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө” деп билдирди.

Ошондой эле жарандарды мыйзамдуулукту сактоого чакырды.

“Укукка жат иш-аракеттер мамлекетке жана коомго гана терс таасирин тийгизип гана койбостон, республиканын башка жарандарынын коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат. Ар бир укук бузуу боюнча мыйзам алдында жооп берүү мыйзам актыларында ачык жана так жазылган.
Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жүргүзүү жолуна бөгөт коёт.

ИИМ бардыгына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарды көз кырына алып, мыйзам чегинде кескин чараларды көрөт” деди ИИМ билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты