​Кундуз Жолдубаеванын үйүн тинтип жатышат

  • 5 лет мурун

КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын үйүн типтип жатышат.

Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев ЖМКга билдирди.

Анын айтымында, үйдү тинтип жаткандар –аскер прокуратурасынын өкүлдөрү.

Жолдубаеванын айтымында, алар документ салынган кызгылтым пакетти издеп жатышат.

Ал эми “кызгылтым пакет” тууралуу видео социалдык тармактарда жүрөт. Замир Жоошев буга чейин ал пакет Сергей Слесаревге багышталганын, анда баалуу зер буюмдар эмес, адвокатка бере турган документтер болгонун билдирген.

Акырында пакет Кундуз Жолдубаеванын колуна тийгени видеодон көрүнүп жаткан.

Баш прокуратура ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы мыйзамсыз иштери аскер прокуратурасына өткөрүлгөнүн билдирген.

3-августта ички иштер министри Курсан Асанов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан бошотулган

ИИМдин басма сөз кызматы милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилгендигин билдирген.

Курсан Асанов өзүнүн кызматтык милдетин аткарганын билдирген.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны алгач 45 кишиге жетсе, кийин алардын саны 136 адамга жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты. Алты адам барымтага алынган.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты