​Курсан Асанов милициянын кызыкчылыгын сатты деп Ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду (Видео)

Бүгүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяны иликтеген.

Массалык баш-аламандыктардын алдын- алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш — чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди,- деп билдирди ИИМ басма сөз кызматы.

Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоодо Курсан Асановдун ролу чоң болгон Атамбаевди кармоодо Курсан Асанов минтип айткан:

«Менин сөзүм бар. Мен 9 жылдан бери Ички иштер министрлигинде орун басармын. Мен сөз бергенден кийин, жооп берем. Асанов Курсандын сөзү. Бирөө тийбейт, — деген Курсан Асанов.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Бүгүн, 13-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты