​Алмазбек Атамбаевге бир нече оор берене боюнча кылмыш иши козголду

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 13-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду.

Бул тууралуу баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүнкү басма сөз жыйынында билдирди.

Басма сөз жыйынына Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, баш прокурор Өткүрбек Жамшитов катышууда

«Атамбаевге куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык башалмандык уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында алты кызматкерди барымтага алып, бир кызматкерди өлтүрүп жана өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча шектенүү тууралуу кабарлама берилди», — деди Жамшитов.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Буга чейин Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жаткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты