Курсан Асанов: «Мага байланыштуу маселе ачыкка чыгат деп эсептейм»

  • 5 лет мурун

«Мени ички иштер министринин орун басарлык кызматтан бошотууну ИИМ «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кеткендигине байланыштуу» деп билдирди.

Бир нерсени гана айтып койгум келет: 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы жана Бишкектеги окуяларга байланыштуу өлкөдө оор абал түзүлгөн. ИИМдин жеке курамынын күчү менен өлкө абалдын оорлошуп кетишинен сакталып калды.

Мен кызматтык милдетимди аткардым деп ойлойм. Жеке кызыкчылыгымды мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мундирдин баркы жана генералдын сөзү мен үчүн курулай сөз эмес.

Бир канча жолу өлкө коркунучта болуп жатканда кызмат учурунда бетме-бет келдим. Андай убактарда мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууга күчүмдү да, өмүрүмдү да аяган жокмун.

Мага байланыштуу маселенин баары ачыкка чыгат деп эсептейм. Өлкөнүн жана абийиримдин алдында мен акмын.

Бул күндөрү өлкөдө укук тартибин камсыз кылып жаткан кесиптештериме, милиция кызматкерлерине ыраазылык билдирем. Элиме мени колдогону жана түшүнгөнү үчүн алкыш айтамын, — деди Курсан Асанов.

Курсан Асанов бүгүн кызматтан бошотулду. ИИМдин басма сөз кызматынын айтымында, «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатты, ишенимден кетти» деген негиз буга себеп болду.

Анын ордуна Памирбек Асанов ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетсе, кийин алардын саны 136 адамга жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты