​Салянованын адвокаты Кыйноолорду алдын-алуу борборуна кайрылды

  • 5 лет мурун

Адвокат Рабига Сыдыкова экс-баш прокурор Аида Салянованы тергөө абагында кыйноого алып жатышат деп Кыйноолорду алдын-алуу борборуна кайрылды.

Бул тууралуу адвокат Рабига Сыдыкова билдирди.

«Салянова №1 тергөө абагында өзүн жаман сезип жатат. Дем алуусу оорлоп, жүрөк тушу сайгылашып турат. Уйкусу качып, тез арада ооруканага жатууга муктаж.

Мындай мамиле менен Аида Салянованы кыйноого алып жаткандыктары тууралуу Кыйноолорду алдын-алуу борборуна кайрылдым» деди жактоочу.

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

5-июлда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Аида Салянованын жактоочулары 5-июлда митингге чыгып, шаардык соттун чечимине нааразы экендигин билдиришкен.

Белгилүү криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экс-баш прокурор Аида Салянова 4-июнда камакка алынган.

Алты жыл мурда кримтөбөл Азиз Батукаевдин ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.

Батукаевдин бошотулушу боюнча мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалып, кайра бошотулган болчу.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Нарындын экс-соту Ж.А. нын жоопкерчилиги карала баштаган. Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган..

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты