Экс-баш прокурор Салянованын жактоочулары митингге чыгышты

Жаңылыктар

Экс-баш прокурор Аида Салянованын жактоочулары шаардык соттун чечимине нааразы болуп, бүгүн, 5-июлда, Ак үйдун алдына митингге чыгышты.

Алар Салянованын бөгөт чарасын караган шаардык сот акыйкат чечим чыгарбаганына нааразы экендигин билдиришти.

Митингчилер "Текебаевге - боштондук!", "Чотоновго - боштондук", "Саляновага-боштондук!", "Атамбаев-камалсын!" деп кыйкырып турушту.

Бүгүн шаардык сот мурдагы Баш прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин абакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. .

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Белгилүү криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экс-баш прокурор Аида Салянова 4-июнда камакка алынган.

Сүрөт: "ПолитКлиника"

ЖаңылыктарАида Саляноваэкс-баш прокурорэкс-депутатмитингАта Мекен