​Аида Салянова 26-августка чейин камакта калтырылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 21-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы Баш прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу анын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экс-баш прокурор Аида Салянова 4-июнда камакка алынган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Салянованын баш коргоо чарасын карап, 26-июнга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Бишкек шаардык соту аны 26-июнга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

15-июнда Аида Салянова ооруп калгандыгына байланыштуу №1 тергөө абагынан Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты