​Шаардык сот Аида Салянованы абакта калтырды

  • 5 лет мурун

Шаардык сот мурдагы Баш прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин абакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Бул тууралуу анын жактоочулары билдирди.

Бүгүн, 5-июлда, Бишкек шаардык сотунда экс-баш прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз жабык турдө каралган.

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Белгилүү криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экс-баш прокурор Аида Салянова 4-июнда камакка алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты