​УКМК түрмөсү толуп калды. Кулматов менен Ибраимовго орун жок болууда

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 21-июнда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланып жатат.

Анда судья Кубанычбек Касымалиев Улуттук коопсуздук комитетинин катын окуп берди.

Анда УКМК түрмөсүндө орун жетишпей жаткандыгына байланыштуу Кулматов менен Ибраимовду №1 тергөө абагына которуу сунушу тууралуу айтылат.

Адвокат Сергей Слесарев бул экс-мэрлерди коркутуу аракети экенин белгиледи.

«Ал жакта шарт башка. Эгер УКМК абагында бир камерада 3 кишиден болсо, №1 абакта 10-12 кишиден отурат. Ал жакта криминалдар отурганын баары билет» деди экс-мэрлердин адвокаты сунушка каршы болуп.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда коррупцияга жол бергендиги боюнча айыпталууда.

Албек Ибраимов «Дастанды» жетектеген учурда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алгандыгы, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргендиги жана жер бөлүүгө тиешеси бар экендигине шектелип жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты