Кулматовдун иши боюнча тергөө аяктады

Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Кулматовдун иши боюнча тергөө аяктады

Учурда тергөөнүн материалдары менен таанышуу жүрүп жатат. Адвокаттын пикиринде, иликтөөдө бир катар мыйзам бузуулар орун алган.

Кубанычбек Кулматов Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү («Коррупция») боюнча айыпталып жатат.

2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып коюлган. Кийин айып 303-берененин 2-бөлүгү боюнча тагылып, өзгөртүлгөн. 5-июндан бери Кулматов УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Тергөөчүлөрдун айтымында Кулматов кош жарандуу деп табылган, экинчи-Россиянын жарандыгы бар. Ал Россиянын жараны болуп  туруп, мыйзамсыз Кыргызстандын жарандыгын алган. Бирок, Россиянын элчилиги Кулматов Россиянын жараны эмес экенин билдирген.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты