Албек Ибраимовго пансионат боюнча да кылмыш иши тагылды

Албек Ибраимовго пансионат боюнча да кылмыш иши тагылдыБишкек шаарынын мурдагы башчысы Албек Ибраимовдун “Солнечный берег” пансионаты боюнча да кылмыш иши бар экендиги белгилүү болду.

Улуттук Коопсуздук Комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы «Дастан»  компаниясы тарабынан  «Солнечный берег»  пансионатынын 100% пакет акциясын төмөн баада сатууга катыштыгы боюнча Албек Ибраимовго Кылмыш жана Кылмыш жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү  жана 205-берененин 3-бөлүгү боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирди.

Президенттик аппарат башчысынын орун басары кезинде Албек Ибраимовдун жетекчилиги жана көрсөтмөсү менен  «Дастан» ААК төрагасы Ю. В.  «Солнечный берег» пансионатынын 100 пайыз акциясын төмөн баада сатып, мамлекетке 82 750 556 сом өлчөмүндө чыгым келтирилген.

 «Дастандын»  98 пайызы мамлекетке тиешелүү.

Тергөөнүн  жүрүшүндө   «Солнечный берегдин» 100 пайыз акциясынын ээси М. Б. келтирилген 82 750 556 сом өлчөмүндөгү чыгымды толугу менен мамлекеттин эсебине которуп берген.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов «Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз акча алган, борбор шаарда жерди мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар жана Калыс-Ордо мектебиндеги курулушта коррупцияга аралашкан деп күнөөлөнүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты