Сагынбаев: “Албек Ибраимовдун 270 миң доллар пара алгандыгы белгилүү болду”

Сагынбаев: “Албек Ибраимовдун 270 миң доллар пара алгандыгы белгилүү болду”Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев басма сөз жыйынында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар жана 20 миң  доллар пара алганы белгилүү болгонун билдирди.  

Анын айтуусунда Албек Ибраимов бир катар кылмыш иштери боюнча айыпталууда. Анын ичинде “Дастан” ишканасына дээрлик 22 млн сом зыян алып келгени, Бишкек шаарындагы жер сатуу коррупциясына аралашканы боюнча 5 млн сом чыгым алып келген эки иш боюнча.

“Албек Ибраимов мэр болуп турганда “Дастан “ жоопкерчилиги чектелген коомунун кассасынан 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алганы белгилүү болду” деди Сагынбаев.

Айта кетсек, Бишкектин Октябрь райондук сотунда Албек Ибраимовдун соту уланууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты