Албек Ибраимовдун соту 15-январда башталат
- 5 лет мурун
- Мультимедиа
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун соту эртең, 15-январда башталат.
Ибраимовдун жактооочусу Сергей Слесаревдун айтуусунда, тергөө аяктады. Соттун биринчи отуруму Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 15-январда башталат.
Албек Ибраимов коррупция беренеси боюнча айыпталууда, анын ичинде “Дастан” компаниясынын мүлкүн жогору баа менен алгандыгы, борбор шаарда жер участокторун бөлүштүрүу ишинде жана Калыс- Ордодогу мектеп курулушу боюнча иштер.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!