Садыр Жапаров Президенттин ырайымын күтүп жатат

  • 4 года мурун

Адвокат Шарабидин Токтосунов камактагы Садыр Жапаров Президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап, кат жазып, анын жообун күтүп жатканын билдирди жана каттын текстин жарыя кылды.

«Мен, Жапаров Садыр Нуркожоевич, 1968-жылы 6-декабрда төрөлгөм. Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан 02.08.2017 жылы соттолуп, 11 жыл 6 айга эркиндигимден ажыратылгам.

Бул айып жасалма жана Атамбаевдик режимдин саясий буйрутмасы менен болгону жалпы элге маалым. Элди алдашыбыз мүмкүн. Бирок, кудайды алдай албайбыз. Барымтага алууда менин кымындай да тиешем жок экенин кудай көрүп турат.

Бирок ошентсе да, 2017-жылдын 25-мартынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин адилетсиз камакта жатам. Ушул аралыкта күйүттүн айынан атам менен энем көз жумду, кечээ жакында балам Дастан бул дүйнө менен кош айтышты. Азыр жакындарым оор ахывалда турушат. Ушуга байланыштуу мага ырайым берип, абактан бошотууңузду өтүнөмүн» деп ырайым сурап Жапаров жазганын анын адвокаты жарыя кылды.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган деп жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылган.

Мурдагы губернатор Эмилбек Каптагаев Жапаровго дооматы жок экенин билдирген.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган деп жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылган.

Мурдагы губернатор Эмилбек Каптагаев Жапаровго дооматы эок экенин юилдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты