​Курсан Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу 23-октябрга чейин камакта болот

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айдоочусу жана жансакчысы Дамирбек Пайзылла уулун 23- октябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Курсан Асановдун айдоочусу 23-августта Бишкекте кармалган.

13-августта ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан бошотулган

ИИМдин басма сөз кызматы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ишенимден кеткендиги үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилгендигин билдирген.

Ал эми Курсан Асанов өзүнүн кызматтык милдетин аткарганын билдирген.

Кийин Асановго Аскер прокуратурасы кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн кылмыш ишин козгогон.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны алгач 45 кишиге жетсе, кийин алардын саны 136 адамга жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты. Алты адам барымтага алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты