Сейит Атамбаевдин ишканасы эмнеге текшерүүгө алынып жаткандыгы айтылды

  • 4 года мурун

Баш прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев жетектеген «Автомаш-энерго» ишканасынын текшерүугө алынып жаткандыгынын жана тиешелүү документтердин алынуу себептерин билдирди.

Баш прокуратуранын айтымында,Алмазбек Атамбаевге байланыштуу коррупцияга катышуу, кылмыштуу кирешени легалдаштыруу беренеси боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.

Аталган кылмыш ишине байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарынын, жакын кишилеринин мүлкү, ишканалары текшерилип жатат.

Анын ичинде мурдагы президенттин уулу Сейитбек Атамбаев жетектеген «Автомаш-энерго» жоопкерчилиги чектелген коомунун иши да текшерүүгө алынууда.

Тергөө 2003-жылы жоопкерчилиги чектелген «Кыргызавтомаш» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин атынан Алмазбек Атамбаев «Автомаш-энерго» ишканасын түзгөндүгүн аныктаган.

Компания электроэнергиясын сатып алып, дүңүнөн кайра сатууга адистешкен.

2004-жылы «Автомаш-энергонун» учредителдеринин катарына Сейитбек Атамбаев киргизилген. Анын наамына аталган фирманын 75 пайызы таандык.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 23-августтагы чечими менен «Автомаш-энерго» компаниясы камакка алынып, салыгын текшерүүгө алуу тапшырылган. Себеби 2015-жылдан бери ал компанияда салык төгүү жагы текшерүүгө алынган эмес.

Аскер прокуратурасынын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин ар кыл ойдон чыгарылган себептер менен «Автомаш-энерго» жетекчилери салык органдарына тиешелүү документтерди көрсөтпөй, салык органынын ишине тоскооолдук кылып келген.

Ага байланыштуу 31-октябрда Биринчи май райондук сотунун 21-октябрдагы чечими менен салык органдарына берүү үчүн «Автомаш-энергонун» документтери алынган.

Бул тууралуу баш прокуратура билдирди.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд Смитке кайрылып, ишканасын рейдерлик жол менен басып алуу аракети жүрүп жатканын билдирген.

Мындай аракетти ал Атамбаевдин уулу болгону үчүн саясий куугунтук деп баалаган.

Быйыл парламент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан. Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы, Батукаевди бошотуу боюнча ж.ю. оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Сүрөттө: Сейитбек Атамбаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты