Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратты

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш бүгүн, 27-июнда, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча токтом кабыл алды.

Алмазбек Атамбаевди экс-президенттиктен ажыратуу боюнча 110 депутат катышып, 103 ү макул деп, 6 депутат каршы добуш берди, бир депутат добуш берүүгө катышкан жок.

Алмазбек Атамбаевдин Президент учурундагы иш-аракетинде кылмыштын белгилери бар деп табылган Баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдун маалыматы эске алынды.

Экс-президенттин жасаган иштери өзгөчө оор кылмыш, 319-берене, коррупция боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жогорку Кеңеш 20-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссиянын корутундусун карап жана Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча Баш прокуратурага сунуш жиберген.

Баш прокуратура бүгүн корутундусун парламент жыйынында билдирди.

Алмазбек Атамбаев 26-июндагы билдирүүсүндө, парламенттин артында Президент Сооронбай Жээнбеков турганын жана азыркы бийлик аны жалган айып менен соттогусу келип жатканын билдирген.

Атамбаевдин Чүйдө Кой-Таш айылындагы үйүндө элдик штаб түзүлүп, тарапкерлери 25-июндан бери чогулуп турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты