​Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну карап жатат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 27-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Баш прокуратуранын корутундусун билдирүүдө.

Атамбаевдин Кой-Таштагы жер маселеси, кримтөбөл Батукаевди бошотууга, «Ака инвест» компаниясына, Жылуулук электр борборун модернизациялоодо коррупцияга тиешеси бар, ЖЭБге көмүр ташуу боюнча айыптоолордо негиз бар деп табылганын билдирди.

Экс-президенттин жасаган иштери өзгөчө оор кылмыш, 319-берене «Коррупция» менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жогорку Кеңеш 20-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссиянын корутундусун карап жана Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча Баш прокуратурага сунуш жиберген.

Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча 26-июндагы билдирүүсүндө, парламенттин артында Президент Сооронбай Жээнбеков турганын жана азыркы бийлик аны жалган айып менен соттогусу келип жатканын билдирген.

Экс-президенттин Чүйдө Кой-Таш айылындагы үйүндө элдик штаб түзүлүп, тарапкерлери 25-июндан бери чогулуп турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты