Курсан Асановдун уулу Өзбекстанга качып кеткен

  • 5 лет мурун

Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асанов Оштон «Достук» чек ара посту аркылуу Өзбекстанга чыгып кеткен.

Бул тууралуу аскер прокурору Нуркамал Набиев КойТаш окуясы боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди:

— Аны суракка аларда ал ушундай шартка барып, качып кетип атат, -деди ал.

Комиссия мүчөсү Исмаил Исаков «Ал окууга чыгып кетиши мүмкүнбү?» деген суроого кызыкты. Набиев анын окуп жатканы тууралуу маалымат жок экенин кошумчалады.

Башкы көзөмөл органы Курсан Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына бергенин билдирген.

Далил буюмдар андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени жарыяланган.

Бул фактыга байланыштуу 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановду кылмышка шектүү катары сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгып, 27-августта ага издөө жарыяланган.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган.

Ага Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты