​Самат Курманкулов реабилитация борборуна которулду

  • 5 лет мурун

7-8-августта Кой-Таш окуясында катуу жабыркаган Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловду Москва шаарынын реабилитациялык борборуна которуп жатышат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын ден соолугу оңолууда, бирок толук айыгып чыгат деп айтууга эртелик кылат.

Самат Курманкулов Кой-Таштагы окуяда оор жаракат алып, Москва шаарындагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна жаткырылган.

8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Таштагы операцияда Чүй ИИБ башчысы Самат Курманкулов жарадар болгон. «Альфа» тобунун жоокери Үсөн Ниязбеков каза тапкан.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты