​Самат Курманкуловду Москвага дарылоого алып барышат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 12-августта, Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы, Кой-Таштагы окуяда жаракат алган Самат Курманкуловду Москвага дарылоого алып барышат.

Бул тууралуу «Кактус» медиага өздүк булактары билдирди.

Алардын айтымында, Самат Курманкуловду Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда дарылашат.

Курманкуловду Москвага дарылоого алып баруу тууралуу 11-августта Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтундагы консилиумда медицина илимдеринин доктору, Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун келген Александр Полупановдун жана нейрохирург Ярослав Латышевдин катышуусунда чечилген.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот. Атамбаевге коррупция жана башка бир катар беренелер менен айып тагылууда.

8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Таштагы операцияда Чүй ИИБ башчысы Самат Курманкулов жарадар болгон. «Альфа» тобунун жоокери Үсөн Ниязбеков каза тапкан.

Кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестринде 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча «Киши өлтүрүү», «Барымтага алуу, «массалык баш аламандык ж.б. беренелер менен кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты