Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагында болот

  • 5 лет мурун

Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагында болот.

Бул тууралуу чечимди бүгүн, 27-августта, Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Буга чейин Биринчи май райсоту Асановдун айдоочусу жана жансакчысы Дамирбек Пайзылла уулун 23- октябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов 22-августта алдамчылык боюнча шектелип камакка алынып, кийинчерээк 21-октябрга чейин үй камагында калтыруу чечими чыккан.

Ал кездеги Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда министрдин талаптарын жана көрсөтмөсүн укпай, өз алдынча чечим чыгарган деп айыпталган.

Ошондой эле ал кылмыш — жазык мыйзамдарын бузуп, далилдерди, буюмдарды тергөөдөн жашыргандыгы да белгиленген.

Ал фактыны Баш прокуратура кылмыш жана жазалардын бирдиктүү реестрине кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен каттаган.

Ишти тергөө Аскер прокуратурасына берилген.

13-августта ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан бошотулган

ИИМдин басма сөз кызматы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Курсан Асанов милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан бошотуу тууралуу сунуш берилгендигин билдирген.

Ал эми министрдин мурдагы орун басары өзүнүн кызматтык милдетин аткарганын айтып келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты