​Кадыр Атамбаев: «Атама бардык күнөөнү илип коюуну каалашкан»

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев «Новые лица» басылмасына берген интервьюсунда Кой-Таштагы окуя чагымчыл аракет экенин билдирди.

-Бул кылдат уюштурулган чагым болду деп ойлойм. Ал көп курмандык алып келиш үчүн жасалган. Мунун арты менен атама бардык күнөөнү илип коюуну каалашкан, — деди Кадыр Атамбаев.

Кармоо убактысын, кечки саат сегизди тандап алганын, барган адамдардан көп курал алып барышканын, куралды «жоготуп» коюшканын, атасынын али да кайтаруусу болгонун, күч органдары менен элди каршы койгонун мисал кылып, чагымчылдык болгонун Атамбаевдин уулу Кадыр билдирди. .

Атасы Кой-Ташта атпаганын, үйдүн 3-кабатында кандын тагы жоктугунан да шектенсе болорун белгиледи.

—Атам «мен аттым» дегенде башкалардын күнөөсүн өзүнө алып койгон, — деп кошумчалады.

-Баары кайра айланып өзүңө кайтып келет деп коомчулук «Апрель» телеканалын айтып, «Сентябрь» каналынын жабылышын эстеп жатышат. «Сентябрь» каналына каршы көрсөтмөнү Асылбек Жээнбеков берген да, -деди Кадыр Атамбаев.

Интервьюда Кадыр Атамбаев апасы экөө Ысык-Көлдө эс алып жүргөнүн билдирди.

Кадыр Айдардай же Максимдей эмес, атанын татыктуу уулу экенин белгиледи.

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бир нече оор кылмыштар боюнча кылмыш иши козголду.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны кийин 136 кишиге жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Буга чейин Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жаткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты