​Жамшитов: «Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды»

  • 5 лет мурун

Бүгүнкү күнү мурдагы президент Атамбаевге тиешелүү 120 мүлк камакка алынды.

Бул тууралуу баш прокурор Өткүрбек Жамшитов басма сөз жыйынында билдирди.

Атамбаевге тиешелүү делген «Апрель» телеканалынын иши токтотулган.

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети «Апрель» телеканалынын жабылышын сөз эркиндигине карата басым катары баалады.

Кыргызстандын медиа уюмдары жана көз каранды эмес ЖМКсы 10-августта, “Апрель” телеканалынын жабылышына каршы, сөз эркиндигин жактап чыгышты.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны акыркы маалыматтарда 136 кишиге жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Бүгүн, 13-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты