​Атамбаевдин тарапташтарынын митинги башталды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-июлда, саат 16:да Медиа форум ишканасынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын митинги башталды.

Митинг катышуучулары “Эски элита кетсин, жаңы элдик лидерлер келсин ”, “Соке болбой калды” деген ураандарды коюшкан.

Уюштуруучулардын айтымында, митингге 1000 ге жакын киши катышып жатат. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги депутат тарапташтары Карамат Орозова, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Анвар Артыков ж.б. келишкен.

Ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да катышып жатат.

Митингдин катышуучулары Президент Сооронбай Жээнбековдун кийинки иш-аракетине каршы болуп, элдик жаш лидерлер жогорку кызматка тартылсын деген талап коюшууда.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» статусун алып, кол тийбестиктен ажыраткан.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып чогулуп тургандар да митингге келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты