Атамбаевдин тарапташтары бийликке талаптарды койду

  • 5 лет мурун

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бийликке сегиз талап койду.

Бул тууралуу алар Кой-Таштагы басма сөз жыйынында билдиришти.

Анда алар Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке, күч структураларына, сотторго буйрук бербешин, Райым миллиондун ишин териштирип, иниси Асылбек Жээнбековдун, куда-сөөк, жакындарынын мамлекеттик ишке кийлигишүүсүн токтотушун, саясий туткундардын бошотулушун, Жогорку Кеңештин трибунасы жеке өч алуунун трибунасына айланбашы керектигин ж.б. билдиришти.

Бул талаптар аткарылбаса, алар бийликти таратуу тууралуу маселе көтөрө тургандыгын айтып чыгышты.

Бүгүн парламент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу чечимин кабыл алды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты