​“Эски элитага” каршы митинг өтөт

  • 5 лет мурун

3-июлда Бишкектеги «Медиафорум» имаратынын алдында «эски элитага каршы» тынчтык митинги өтөт.

Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 30-июнда өзүнүн КойТаштагы үйүнүн алдында топтолуп турган тарапкерлеринин алдына чыккан учурда билдирип, митингге өзү да катыша турганын айтты.

Атамбаевдин тарапкерлери Интернетте келе жаткан шаршемби күнү «Соке болбой калды» деп аталган акция өтөрү тууралуу маалымат таратып жатышат.

Анда митингде «эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташталаары жазылган.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» статусун алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат. Бийлик Атамбаев жана анын тарапкерлеринин митинг тууралуу маалыматына расмий комментарий бере элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан бери эл алдында биринчи жолу 30-июнда, Суусамырда Кожомкул балбандын 130 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөп, калкты ынтымакка чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты