​Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-сот Эрматов эки айга камалды

  • 5 лет мурун

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Жапар Эрматов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан 22-июнда Эрматовду эки айга, 22-августка чейин тергөө абагына камакка алуу чечими чыгарылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө иш-аракеттери жүрүп жаткандыгын ИИМ басма сөз билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматы Батукаевдин бошотулушу боюнча Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов үй камагына чыгарылган деген ЖМК маалыматтарын четке каккан.

Батукаевдин бошотулушу боюнча Биринчи май райондук соту мурдагы Баш прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалып, баш коргоо чарасы өзгөртулгөн.

Ушул эле иш боюнча дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.

Мындан тышкары Саламаттык сактоо экс-министри Динара Сагынбаева да кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган.

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен оор кылмыштар боюнча 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. 2013-жылы рак болуп ооругандыгына байланыштуу деген жүйө менен абактан биротоло бошотулган.

2019-жылы январь айында Батукаевдин иши кайра карала баштаган. Аны негизсиз бошотууга катыштыгы бар кызмат адамдары жогоруда белгилегендей, жоопкерчиликке тартыла баштаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты