Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган айып алтыга чейин кыскартылды
- 5 лет мурун
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган тогуз айып алты айыпка чейин кыскартылды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеӊештин атайын комиссиясы тарабынан Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган алты айып булар:
1. Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу орун алган коррупция;
2. Тарых музейин оӊдоодогу мыйзам бузуулар;
3. Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы;
4. Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар;
5. Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуу маселеси;
6. Ысык-Көлдүн Чоӊ-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына чыгарып берип, анын бир участогун өзү пайдаланышы.
Белгилей кетсек, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча корутунду бере турган комиссиянын корутундусунун долбоору Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламенти боюнча комитетте каралууга тийиш.
17-18-июнда атайын депутаттык комиссия экс-президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча маселе карап, бүгүн корутунду долбоорун чыгарды.
Ал эми Кыргызстан социал-демократтар партиясы депутаттык бул комиссия мыйзамсыз түзүлгөн жана Атамбаевди экс-президенттиктен ажыратуу мыйзамсыз деп эсептейт.