​Экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия жыйыны өтүп жатат

  • 5 лет мурун

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясынын жыйыны өтүүдө.

Комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев жыйынды ачып, комиссия мүчөлөрүн атап өттү.

Комиссияга КСДП фракциясынан: Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;

«Республика — Ата Журт» фракциясынан: Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов; «Өнүгүү-Прогресс»: Алтынбек Жунус уулу;«Кыргызстан»: Канат Исаев, Алмазбек Токторов; «Бир Бол»: Дүйшөн Төрөкулов;«Ата Мекен» фракциясынан Каныбек Иманалиев бекитилген.

Депутаттык комиссия жыйынында демилгелүү топтун 40 тан ашык депутаты кол койгон Алмазбек Атамбаевге айыбын угузуу жана экс-президенттик укугунан ажыратуу тууралуу каты окулду.

Экс-президентке курал белекке берүүсү, Кой-Таштагы жана башка жерлердеги жер участогун трансформациялоо, Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, АКА петролеум, АКА инвест, Терек-Сай жаштары ж.б. фирмаларга Алмазбек Атамбаевдин тиешеси болушу, ошондой эле Бишкек Жылуулук борборун модернизациялоого, андагы коррупцияга тиешеси көмүр ташып келүүгө тиешеси болушу, өз режимине каршы чыккандарды куугунтуктаганы Дача -Суу ж. б. айып коюлат.

Каныбек Иманалиев мындай процедура мурдагы Советтер өлкөсүндө биринчи жолу болуп жаткандыгын белгилеп, факты менен сүйлөөгө чакырды.

Комиссия мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев өз режимине каршы чыккан адамдарды куугунтуктаганын да айтып бериш үчүн тиешелүү адамдарды чакырды

Журналист Нарын Айып Атамбаевдин бийлиги учурунда кысым көргөн журналисттердин атынан чыкты. «Заноза» сайтына козголгон 10 иш, укук коргоочу Чолпон Жакупова ж.б. козголгон иш, жалпысынан 50 млн сом доо менен кайрылгандыгы тууралуу билдирди.

Баш прокурор Жолдубаева сотко берүүгө чейинки башка чараларды аткарбай, түз эле андагы Президенттин буйругун аткаргандыгын айтты.

Дастан Сарыгулов Атамбаев президент кезинде саясий лидерлер Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов өзу да ж.б. куугунтуктаганы тууралуу белгиледи.

Бекболот Талгарбеков Алмазбек Атамбаевдин учурунда 1937-жылдагыдай эле, бирок айырмасы жалгыз гана—өлүм жазасы болгон жок деп билдирди.

Бектур Асанов Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу тууралуу айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты