​СДПК: «Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча комиссия түзүп, мыйзам бузуп жатат»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 18-июнда, Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү Нурбек Касымбеков, Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова, Фарид Ниязов жана Ирина Карамушкина пресс-конференция өткөрдү. Алар Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүп, Конституцияны жана мыйзамдарды бузуп жатат деп билдирди.

Алардын айтуусунда:

1. Жогорку Кеңеш Конституциянын 28- беренесин бузуп жатат. Ал берене боюнча мыйзам артка кайтуу күчүнө ээ эмес.

Жогорку Кеңештин полномочиесин ишке ашыруу «Жогорку Кенештин регламенти тууралуу» мыйзамы менен аныкталат. Ал регламентте экс-президентти бул статусунан ажыратуу тартиби жок.

2. Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзамында экс-президенттин күнөөсү кылмыш белгилери боюнча көрсөтүлүп берилип, анын негиздемеси кыстарылышы керек.

3. Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар тууралуу мыйзамынын 28-беренесине ылайык, ченемдик- укуктук актылар реестрге 7 күндүн ичинде киргизилиши керек.

Алмазбек Атамбаевге экс-президенттик статус 2017-жылдын 24-ноябрында «Президенттин кепилдиги тууралуу» мыйзамынын негизинде берилген. 4-апрелде аталган мыйзамга өзгөртүү киргизилген.

Анда экс-президенттик статус алынгандан кийин экс-президентти жоопкерчиликке тартуу жагы каралган. Өзгөрүү 27- майда күчүнө кирген. Бул өзгөрүү мындан кийинки гана мөөнөткө күчүндө, ага чейинки мөөнөткө тиешелүү эмес.

«КР Президентинин кепилдиктери тууралуу» мыйзамы боюнча Жогорку Кеңеш экс-президентти статусунан ажыратуу укугуна ээ. Бирок аны ишке ашыруу тартиби жана процедурасы «Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу» мыйзамда жазылышы керек эле.

Кол койгон депутат коюлган колун артка кайтара албайт.

Азыркы күнгө чейин экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча кайсы депутат кол койгону белгисиз жана экс-президентке кайсы кылмыштар коюлуп жатканы белгисиз.

5. «Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу» мыйзамдын 33-беренесине ылайык, кызыкчылыктар кагылышына ылайык, депутаттар комиссияга шайланганга чейин баш тартышы керек эле. Мында депутат Т. Мамытов, К. Исаев, К. Иманалиев, К. Рыспаевдин Атамбаевге карата кызыкчылыктар кагылышы бар.

Ошондуктан Жогорку Кеңештин экс-президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүү чечиминин юридикалык күчү жок. Себеби ал ченемдик-укуктук актылар реестрине киргизилген эмес.

Мына ушундай билдирүүнү КСДП партиясы билдирди.

Сүрөт: «ПолитКлиника», (превью-сүрөт Интернет булактарынан)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты