​Казакстан мажлис төрагасы коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынынажлис) төрагасы Нурлан Нигматулинден коронавирус аныкталгандан кийин «обочолонуу режимине» өттү.

Мажлистин басма сөз кызматы төрага 11-июнда саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов менен жолукканын билдирди. Буга чейин министрдин вирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, төрага коронавирус жуктуруп алганы менен оорунун белгилери байкалган жок.

14-июнда Биртанов коронавируска кабылып, инфекциялык ооруканага жатканын маалымдаган.

Эртеси бир нече аткаминер — премьер-министр Аскар Мамин, билим берүү министри Асхат Аймагамбетов, коргоо министри Нурлан Ермекбаев, айыл чарба министри Сапархан Омаров жана Жамбыл облусунун башчысы Бердибек Сапарбаев обочолонуу режимине өткөнү кабарланган.

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 15 542 кишиге жетип, 88 бейтап каза болду. Бул статистикага анализинен вирус табылып, бирок оорунун белгилери жок 6 175 киши кошулган эмес.

Сүрөттө: Нурлан Нигматулин. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты