​Казакстан өкмөт башчысы обочолонуу режиминде иштөөгө өттү

  • 4 года мурун

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдун тестинен коронавирус аныкталгандан кийин премьер-министр Аскар Мамин обочолонуу режимине өттү.

Мамин 12-июнда Жамбыл облусуна барып, вакцина чыгара турган фармацевтикалык заводдун пайдубалынын түптөлүшүнө катышкан. Иш сапар учурунда аны министр Елжан Биртанов коштоп жүргөн. Экөө тең беткапчан болгон.

Казакстан өкмөт башчысынын маалымат кызматы Маминдин анализи таза чыкканын, ал ишин аралыктан улантып жатканын билдирди.

14-июнда Биртанов коронавируска кабылып, инфекциялык ооруканага жатканын маалымдаган.

Соңку маалыматтарга караганда, Казакстанда 19 701 киши вирус жуктуруп алды, 77си көз жумду.

Сүрөттө: Аскар Мамин. akorda.kz

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты