​Премьер-министр кызматтан кетүүгө арыз жазды

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди.

Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жазылды.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Радиожыштыктар ресурстарын узартуу жана кайра тариздөөгө байланыштуу кылмыш иши боюнча өкмөттүн дарегине айтылган айыптоолордон улам, тергөөнү объективдүү жана ар тараптуу жүргүзүү кызыкчылыгында жана тергөө органдарына кысым көрсөтүү боюнча айып тагууларга жол бербөө үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кетүү чечимин кабыл алгам.

Буга чейин дагы айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз болуп саналат. Менин эки жумалык эмгек өргүүмдүн учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылышкан жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коет жана чыныгы мыйзам бузуучуларды аныктайт деп ишенем.

Бирок, тилекке каршы, иликтөө иши соңуна чыга элек. Бүгүнкү өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан татаал шартта, Өкмөт туруктуу иш алып барып, жарандардын толук ишенимине ээ болуусу зарыл, ал эми белгисиздик абалы Өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирет. Ушул өңүттөн алып караганда мен өзүмдөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым.

Президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке, Жогорку Кеңештин депутаттарына, өкмөт мүчөлөрүнө жана жалпы кыргызстандыктарга менин премьер-министр катары иш алып барган эки жылдан ашуун мезгилимде үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Өкмөт макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо жана экономиканын мындан аркы туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз түзүү боюнча башкы милдеттерди аткара алды деп эсептейм.

Өз ишимде мен ачык-айкын иш алып барып, жалпы ишке пайдамды тийгизүүгө аракеттендим жана келечекте да өз билимимди жана топтолгон тажрыйбамды өлкөнүн жана коомдун бакубаттуулугуна жумшоо мүмкүнчүлүгүм болот деп ишенем» деди Мухаммедкалый Абылгазиев

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 20-майда парламенттин жалпы жыйынында жыштык сатуу боюнча дээрлик 5 млрд сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы жана бул коррупциялык иште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катыштыгы жок экенин далилдесин деп билдирген.

Өкмөт депутат Жанарбек Акаевдин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз деп маалымат тараткан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радио жыштык ресурстары боюнча кылмыш ишине катыштыгы жок экендигин, бирок кылмыш ишине териштирүүгө тоскоол болбош үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кете турганын өкмөттөгү кеңешмеде билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты