Абылгазиев радио жыштык боюнча териштирүүлөрдөн улам кыска эмгек өргүүсүнө кетти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радио жыштык ресуртстары боюнча кылмыш ишине катыштыгы жок экендигин, бирок кылмыш ишине териштирүүгө тоскоол болбош үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кете турганын өкмөттөгү кеңешмеде билдирди.

«Дагы бир жолу билдирем, териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырбоо керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм» деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өргүү учурунда өкмөттүн ишин координациялоону жана мамлекеттик органдардын туруктуу иштөөсүн камсыздоону тапшырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 20-майда парламенттин жалпы жыйынында жыштык сатуу боюнча дээрлик 5 млрд сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы жана бул коррупциялык иште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катыштыгы жок экенин далилдесин деп билдирген.

Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматы Жанар Акаевдин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз деп жооп узаткан.

«Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат» деген.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты