​Коронавирустан бир бейтап көз жумду

  • 4 года мурун

9-июнга карата бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 1 бейтап каза болду.

Ош шаардык ооруканасында 47 жаштагы аял киши көз жумду. Вирус жуктургандан кийин анын башка да оор дарттары козголгондугу айтылды.

Жалпысынан республика боюнча жалпы 24 бейтап каза болгон.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылды.

9-июнга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2055 болду.

Бир суткада 38 киши айыкты. Айыккандардын бардык саны 1483 болду.

Тилекке каршы бир киши каза болуп калды. Каза болгондордун жалпы саны 24кө жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты