COVID-19: Жаңы 23 учуру катталды. Бардыгы 2055 болду

  • 4 года мурун

9-июнга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 6;
Чүй облусу – 2;
Ош шаарында – 4;
Ош облусу 3;
Жалал-Абад облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 4;
Нарын облусу – 1.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2055 болду.

Бир суткада 38 киши айыкты. Айыккандардын бардык саны 1483 болду.

Тилекке каршы бир киши каза болуп калды. Каза болгондордун жалпы саны 24кө жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты